"Телефонун колдонуп турайын деп сурап алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-май күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-май күнү чала таанышы арыз ээсинин ишенимине кирип, убактылуу колдонуп туруу шылтоосу менен баасы 18 миң сом турган телефонун алып, качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 2001-жылы туулган жаран кармалган. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Учурда кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталып жатат.

