Бишкекте Аяна Тойбаева 17-майда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда
Бишкекте 14 жаштагы Аяна Тойбаева дайынсыз болуп изделүүдө. Ал ушул жылдын 17-май күнү саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Өспүрүмдүн апасы 21-май күнү Свердлов РИИБине кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аяна Тойбаева 2007-жылы туулган. Бою 145-150 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачтары кара. Үйүнөн чыгып кеткен күнү кара түстөгү күрмө, боз түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кроссовка кийип жүргөн.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү өспүрүмдү көрүп, билгендер болсо маалымат берүүгө көмөктөшүүнү өтүнөт. Байланыш номерлери: 0553102387,0703222622, 0702498888, 0772847336, 0557119410, 0709332463 же 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.