Ара төрөлгөн Аминанын ата-энеси операция жасатуу үчүн жардам сурайт





Ара төрөлгөн 4 айлык Аминанын ата-энеси SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган. Аминага медицина кызматкерлери эки көзүнө тең “ретинопатия катаракта” деген диагноз коюшкан. Апрель айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында биринчи операция жасалган. Дагы үч операция жасатууга каражат жетпей жаткандыгын айтып, атасы Замир Мусаев төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мындан үч ай мурун сиздердин, элдин жардамы менен кызыбыз Аминанын операциясына барып келгенбиз. Биздин диагноз оор болгондуктан, бир операция менен бүтпөйт экен. Эми дагы үч операциябыз бар. Аралыктары үч айдан болгондуктан, өз алдыбызча акча чогулта албай калат экенбиз. Сиздерге кайра кайрылууга мажбур болдук", - деди атасы.
Реквизиттер:
Kicb bank: 9417018754980910
Элсом: 0779 20 43 24
Элкарт РСК банк: 9417089949039409
Visa kart: 4177490150923276
Баланс.кж: 779204324
Атасынын номери: 0706 140 446

