super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыянын Темир жол көчөсүндө таштанды бир жарым айдан бери алынбайт" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаарындагы Темир жол көчөсүнүн жашоочусу кайрылып, бир жарым айдан бери көчөдө таштанды алынбай жатканын билдирди.

"Кызыл-Кыя шаарындагы Темир жол көчөсүндөгү таштанды бир жарым айдан бери тазаланбай турат. Ар бир үйдөн чыгарылган таштанды дарбаза сыртында үйүлүп турат. Балдар аянтчалары жок болгондуктан балдарыбыз көчөдө ойношот.

Азыркы учурда таштандылар чирип, жагымсыз жыт чыгууда. Чымын-чиркейлер конуп, үйлөрүбүзгө да кирип жатат.

Кварталдык комитетке кайрылдык, бирок себебин айтышкан жок, - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.06.2021. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле МАИ кызматкеринин шалакылгынын айынан не зачто штарф толодум го булар андайга жообун бербейт
12.06.2021. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштандыны ким таштап атат. Ким күнөлүү таштандыны таштаган мэрби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: