super.kg logo

Жакында Кытайдан, Орусиядан коронавируска каршы вакциналар келери күтүлүүдө

 

Өлкөгө жакынкы аралыкта коронавируска каршы Кытайдан вакцина келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвень, БУУнун балдар фондусунун өкүлү Кристин Жолм менен Синофарм вакциналарын жеткирүүнү тездетүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

"Тараптар бул маселе боюнча жардам берүүгө даяр экендигин ырасташты. Жакынкы аралыкта 150 миң доза вакцина өлкөгө жеткирилиши күтүлүүдө. Министрлер кабинети жана ЮНИСЕФ вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык жана каржылык маселелердин үстүнөн иштеп жатышат. Ошол эле учурда адистештирилген мамлекеттик органдар орусиялык Спутник V вакцинасын жеткирүү боюнча иш алып барышууда. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жакынкы күндөрү вакцинаны жеткирүү башталат", - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Бүгүнкү күндө негизги пландаштырылган приоритеттүү топтун эмдөөлөрүнүн биринчи этабы аяктады: тобокелдик тобундагы медицина кызматкерлери (жандандыруу бөлүмдөрү, жугуштуу оорулар бөлүмдөрү, "Тез жардам" кызматы, кызыл зона), социалдык кызматкерлер (билим берүү мекемелеринин кызматкерлери), 65 жаштан жогорку жарандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: