super.kg logo

Таласта төө буурчакты иштетүү заводун куруу үчүн Түркияга сунуш берилди

 

Кыргыз тарап Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдорду ачуу боюнча Түркияга сунуш берди. Мындан тышкары жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуш келтирди. Бул туурасында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев өлкө башчынын Түркиядагы иш сапарында жетишилген келишимдери жөнүндө айтып жатып белгиледи.

Анын айтымында, эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча келишимге кол коюлду. Бул документ тараптарга өсүмдүк ооруларынын киришин жана карантинге алынган объектилерди чектөө менен карантин талаптарын максималдуу түрдө макулдашууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз мамлекети өтө муктаж болуп турган тамчылатып сугаруу системасын - суу ресурсун үнөмдөөчү технологияларды түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштуруу сунушу айтылды.

Мындан сырткары 800 миңден ашуун сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн башын бириктирген Түркия сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

"Түркияда айыл чарба тармагын мамлекеттик колдоо системасы жакшы жолго коюлган, мисалы сүттү сатып алуу баалары бюджеттен субсидияланат. Биз топтолгон мындай тажрыйбаны кайра иштетүү ишканалары менен өздөштүрүшүбүз керек. Ассоциация менен сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн программалык камсыздоо боюнча келишим түзүлдү", - деди Азамат Мукашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.06.2021. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу Супер инфо силер президентке чыга алсанар керек, Аксы, Ала Букада кайналы (слива же чернослив) ото арзан баада тажиктерге сатылат. Тажиктер кайра иштеп чыгып туркторго сатат экен угушумча. Ошону жеткизбейсинерби президентке. Озунчо эле инвестиция тартып берген болот эленер бул райондорго.
13.06.2021. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура сунуш. Жеткизгиле президентке.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: