"Көмөк сурайбыз". Бишкекте эс-учун жоготкон абалда табылган жарандын аты-жөнү аныкталбай жатат
Бишкекте мындан бир апта мурда эс-учун жоготкон абалда табылган жарандын аты-жөнү аныкталбай жатат. Ал учурда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө. Дарыгерлердин айтымында, бейтап тууралуу милиция кызматкерлерине кабар беришкен, бирок бүгүнкү күнгө чейин маалымат жок.
Маалым болгондой, 6-июнда "Тез жардам" кызматы аркылуу 50-55 жаш чамасындагы эркек киши эс-учун жоготкон абалда ооруканага келип түшкөн. Ал Юнусалиев жана Саманчиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн алдынан табылган. Укук коргоочуларга билдирүү жиберилген, бирок эч кандай маалымат жок. Дарыгерлер сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы бар болсо байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 622462, 666403.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aiymkan89

13.06.2021. 09:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орхан Инанды эмеспи
Kari

13.06.2021. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Телевидениеге беришсин.Анан да областык телевидениелерге.Себеби Баткен обласында кыргыз каналдары тартпаган жерлер толтура.Эртерээк туугандары табылып калсын.Эгер табылып калса кабарланыздар.Болбосо коптошолук,ватсаптарга жонотолук,сайттардан таркаталык.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.