super.kg logo

Чүйдөгү балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн окуясын иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

 

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмү боюнча маселе Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн керектүү чаралар көрүлүп жатат.

Бул факты боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген.

"Комиссия балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды объективдүү жана кылдаттык менен изилдеп чыгат", - деп билдирди Жыпариса Рысбекова.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылды. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШ жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: