14-июнда тоолуу аймактарда жаан жаашы күтүлөт
14-15-июнда туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан катуу жаап, тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашып, эртеңки күндүн аба ырайы менен тааныштырды.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.