super.kg logo

Чет элдик жарандарга Сауд Арабиясына ажылыкка барууга тыюу салынды

 

Коронавируска байланыштуу быйыл да чет элдиктерге ажыга барууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, пандемиянын шартында Сауд Арабиясынын бийлиги быйыл Меккеге зыяратка баруучулардын санын 60 миң адамга чейин чектөө чечимин кабыл алган. Аталган өлкөнүн гана мусулмандары ажылык милдетин аткара алышат, алардын бардыгы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек.

Жаңы эрежелерди Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра иштери министрлиги жарыялаган. Ажылыкка бара турган бардык жарандар 18 жаштан 65 жашка чейин жана өнөкөт оорулардан алыс болушу керек.

Сауд Арабиясында 460 миңден ашуун адам коронавирусту жуктуруп, 7 миңден ашуун адам көз жумган. 2020-жылы падышалыктын бийлиги ажылыкка чет өлкөлүк зыяратчыларды киргизбей койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: