Москвадагы китепканалардын биринде Ч.Айтматовдун эстелигинин ачылышы болуп өттү
Орусиянын Москва шаарындагы М.Рудомин атындагы чет элдер адабияты китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин (бюсту) ачылыш салтанаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов өз сөзүндө иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова: "Менин агамдын эстелиги дүйнө ойчулдарынын жамаатынын чөйрөсүндө орнотулганына сыймыктанам",-дейт. Москвадагы коомдук китепканаларда мындан ары Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата адабий кечелер, окуу жыйындары өтүп турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.