Супер фактылар: Япондор кандын тобу адамдын мүнөзүнө таасир этет деп эсептешет
14-июнь - кан донорлорунун бүткүл дүйнөлүк күнү. Донор сөзү латынчадан "donare" - "белек" деген маанини туюнтат. Ал эми кан донорлору үчүн 14-июндун тандалып алышы - адамдын канынын тобун ачкан, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, австриялык врач, иммунолог Карл Ландштейнердин 1868-жылдын ушул күнкү туулган күнү менен байланыштуу.
Кан тууралуу кызыктуу фактылар топтому
*Адамдын денесинин салмагынын болжол менен 7-8 пайызын кан түзөт.
*Адамдарда кызыл кан болсо, башка организмдерде кандын түсү ар башка болот. Чаяндар, жөргөмүштөр, кальмарлар, осьминогдор жана айрым муунак буттуулар көк канга ээ. Курттардын жана сүлүктөрдүн айрым түрлөрү жашыл канга ээ. Деңиз курттарынын айрым түрлөрү кочкул кызыл канга ээ.
*Чоң кишинин жүрөгү күнүнө болжол менен 10 миң литр канды айлантат.
*Кан адамдын денеси аркылуу ар кандай ылдамдыкта жылат. Ал эми артериялар аркылуу эң ылдам агат - саатына 1,8 чакырым.
*74 жаштагы австралиялык Жеймс Харрисон 1000 жолу кан тапшырган. Анын канында сейрек кездешүүчү кан тобундагы жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аз кандуулуктан аман калышына жардам берген антителолор бар болгон. Харрисондун жардамы менен эки миллиондон ашык ымыркай куткарылган деп болжолдонууда.
*Айрым жаныбарлар канын жырткычтардан коргонуу үчүн колдонушат. Мүйүздүү кескелдириктер көзүнүн бурчунан беш метр аралыкка чейин кан ата алышат.
*Кан дененин абалын чагылдырган анын күзгүсү. Ошол себептен ооруп калсак, дароо кан анализин тапшырабыз.
*Чоң кишинин денесинде болжол менен 6 литр кан бар.
*Япондор кан тобу адамдын мүнөзүнө катуу таасир этет деп эсептешет. Биринчи топко чечкиндүү, өзүнө ишенген; экинчиси - түнт, өзүнө ишенимдүү; үчүнчүсү - акылдуу, дымагы күч; төртүнчүсү - оор басырыктуу мүнөзгө ээ дешет. Алар буга ушунчалык чоң маани беришкендиктен, каныңыз туура эмес болгону үчүн жумушка алуудан баш тартып коюушу мүмкүн.
*Деңиздин үнүн угуш үчүн баарыбыз кулагыбызга деңиз үлүл кабыгын койгонбуз. Андагы угулган үн деңиздин эмес өзүбүздүн кандын кыймылынын үнү.

