super.kg logo

Чүйдөгү балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн окуясы: Өспүрүмдү директор бир сааттан кийин унаасы менен ооруканага жеткирген

 

Бүгүн, 14-июнда Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунан Назгүл Турдубекова жана жабырлануучу тараптын жактоочусу Кубанычбек Туманов катышууда.

Жактоочунун айтымында, маркум баланын агасы Богдан Якунин дагы аталган балдар үйүндө тарбияланып чыккан. Агасы окуя тууралуу жактоочуга буларды айтып берген.

"1-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында тарбиячы жок кезде уктоочу бөлмөдө 15 жаштагы 5 бала бар болчу. Ошол учурда улуу класстагы бир бала шымы жоголуп кеткени үчүн балдарды күнөөлөп урушуп, сабай баштаган. Ал эшик жакка бир баланы тарбиячы келе жатса, мага айт деп каратып койгон. Андан кийин ал 12 жаштагы Игорду чакырып, төш жагына 5 жолу чаап, жүрөк тушуна дагы залал келтирген. Токмок жеген Игорь эшикти көздөй 2-3 кадам таштап, эс-учун жоготуп кулаган. Балдардын баары Игорго барып аны тургузуп керебетке жаткырганда, баланын тырышмасы кармап, дем ала албай баштаганда балдар тарбиячыга алып барышкан. Ал жактан директорго чалышып, ал болжол менен саат 22:00дө келип өзүнүн унаасы менен ооруканага алып барган. Эртеси 2-июнда балдар үйүнүн жумушчусу Игорь акыркы жолу директордун унаасында дем алганын айткан.

Бул окуя укук коргоо органдары тарабынан 2-июнда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлуп жатат. Жансыз денеге жүргүзгөн кароо менен алар оорудан улам каза болду деп кылмыштын белгилери жана курамы жоктугуна байланыштуу ишти жаап коюшу мүмкүн. Ошол үчүн биз баланын өлүмүн акыйкат иликтөө үчүн Башкы прокуратура жана башка тийиштүү органдарга кайрылып, көзөмөлгө алууну суранабыз. Ошондой эле мектеп директорунун шалаакылыгы үчүн жумуштан четтетүүнү талап кылабыз", - деп билдирди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: