Тур-операторлор: "Баткенде чет элдик альпинисттер үчүн баалар негизсиз жогорулатылган"
Жөө жүрүш жана альпинизм популярдуу болгон Баткен облусунун Лейлек токой чарбасы ишканасы чет элдик туристтер үчүн кирүү акысы күнүнө 1 миң 600 сом, ал эми альпинизм менен алектенүү үчүн 20 миң сом кылып коюшкан. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн тур-операторлор ассоциациясы социалдык тармактар аркылуу айтып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ассоциация Лейлек токой чарбасы ишканасы бааларды негизсиз жогорулатып алышканына нааразы.
"Ал аймакта жөө жүрүштөр адатта 14 күн же андан көп болот. Ошондо капчыгайга киргени үчүн бир адамга 500 доллардан айланып калып жатат. Бааны ушунчалык кымбат кылуу үчүн кандай кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгы түшүнүксүз. Бул мыйзамдуубу?
Прейскуранттан бул каражаттардын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына кетерин көрө алабыз, бирок ал каражаттар менен кошумча кандай иш-чаралар жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн эмес.
Бардык өлкөлөр, тескерисинче арзандатууларды жасап, туристтерди чакырууга аракет кылышат, ал эми биздин капчыгайлар тескерисинче ушундай жогорку бааларды коюшат. Капчыгайлар жана корголуучу жаратылыш сейил бактары тарабынан туризмге мындай мамиле жасалса, биз өлкөгө туристтерди тарта албайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

