super.kg logo

"Алдын ала пландап алуу сунушталат". Бишкекте 36 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды

 

Бишкек шаарынын аймагында 36 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу тиешелүү техникалар тартылып, жолдор кеңейтилип, жаңы асфальттар төшөлүп жатат. Ошол себептүү айдоочулардан баруучу жайларга алдын ала пландоо менен альтернативдик жолдо жүрүүнү эскертет.

"Тагыраагы Жукеева Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабык. Ошондуктан жогоруда аталган көчөлөргө жакын жерлерде узун жол тыгыны пайда болууда. Милициянын кайгуул кызматкерлери жол тыгыны пайда болгон көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жаңсап, жол тыгындарынын алдын алууда", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: