super.kg logo

"Ашыкча комментарий айта албайбыз". Депутаттын жасалма диплому боюнча улуттук университеттин жообу

 

УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынан депутат З.Т.З тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталганын маалымдады.

SUPER.KG порталына өздүк булактардын кабарлашынча, жасалма дипломду депутат Төрөбай Зулпукаров колдонуп жүргөн.

Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Улуттук университет боюнча жылына 2-3 миңге чейин студент диплом алышат. Ошонун ичинен 2000-жылы бүткөн каттоо номери 748-дипломду 1979-жылы төрөлгөн Чолпон Усубалиевага берилген экен. Тарых факультети эмес, Кыргыз-Европа факультетинин экономика жана башкаруу адистиги боюнча берилген. Кандай себеп менен ушундай болуп калганын атайын комиссиялар тактаса керек. Биздеги маалыматтар ушундай. Ашыкча комментарий айта албайбыз", - дешти университеттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: