Нарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун суу каптады
Нарында сел жүрүп, жерине ӨКБнын кызматкерлери тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"13-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Жерге-Тал айылындагы каналга батпай ашып, 4 турак үйдүн короосун жана 1 үйдүн ичине чейин суу кирген. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 экскаватор, 5 куткаруучу тартылып, короолорду тазалашты. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.