"Ал агымдын максатын түшүнгөн эмеспиз". Ысык-Көлдө эки тургун диний-экстремисттик уюмдун катарынан чыкты
Ысык-Көл облусунда эки адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө 49 жана 46 жаштагы Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургундары диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандыктарын жарыялашты.
Алардын айтымында, 2013-жылы агымдын ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө түшүнүктөрү болбогондуктан алардын катарына киришкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам аталган диний-экстремисттик агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн. Алар "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынан башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.
Белгилей кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргыз өлкөсүндө "Йакын-Инкар" диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.

