super.kg logo

Бишкекте бүткүл дүйнөлүк кан донору күнү белгиленди

 

14-июнда Республикалык кан борбору Кызыл жарым ай коому менен биргеликте эстрада артисттеринин концерти коштогон кеңири масштабдагы кан чогултуу өнөктүгүн өткөрдү. Бардык кан донорлоруна белектер тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты - дүйнө жүзү боюнча калктын донордук канга жана анын компоненттерине болгон туруктуу муктаждыгы жана акысыз ыктыярдуу кан тапшыруунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу. Ошондой эле бул күн улуттук кан кызматын жана анын инфраструктурасын колдоо үчүн жетиштүү адамдык жана техникалык ресурстарды камсыз кылууга, керектүү донордук кандын запасын түзүү жана ыктыярдуу кан донорлугун өнүктүрүүгө бардык өлкөлөрдү жана саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук органдарын чакырууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Кандын жетиштүү запасын үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз кан тапшыруу менен гана камсыз кылууга болот. Бирок акыркы 25 жылда Кыргыз өлкөсүндө кан тапшыруу бир катар себептерден улам олуттуу төмөндөөгө дуушар болду. Жалпыга маалымдоо каражаттарында кан донорлугун жайылтуунун токтошу, коомдук көйгөйлөр, калктын иш менен камсыз болушу жана убакыттын жетишсиздиги себеп болот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, донордук канга болгон муктаждыкты жоюу үчүн калктын бир миңине 40 донор туура келсе, Кыргыз өлкөсүндө болгону 5,5 гана донор туура келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: