Депутаттар өлкө аймагындагы жолдордун абалын оңдоо максатында жол фондун ачууну сунуштады
Депутаттар өлкө аймагындагы жолдордун абалын оңдоо максатында жол фондун ачууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар Нурбек Алимбеков, Улугбек Ормонов, Аалы Карашев, Акылбек Жапаров, Султанбек Анарбаев.
Демилгечилердин бири Нурбек Алимбековдун айтымында, өлкө аймагындагы жолдордун абалын эске алуу менен, депутаттар тобу Жол фондун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал үчүн Бюджет жана Салык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Жол фондуна төлөмдөрдүн тарифи кийинчерээк аныкталмакчы. Мыйзам кабыл алынып калса, жол фонду 2023-жылдан тарта иштей баштайт.
Ал эми Транспорт министрлигинин өкүлү Кыргыз мамлекети жалпы тышкы карызынын 2 миллиард доллары жол тармагына тийиштүү. Жол фонду ачылса, анда жылына 3 миллиард сомго жакын каражаттын топтолуусу болжолдонууда.

