Садыр Жапаров менен Сауд Арабия падышасы эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулашты
Бүгүн, 14-июнда президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясы менен эки өлкөнүн бир тууган элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана бири-бирине болгон ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин айтты.
Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгендигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Сауд Арабия Падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Ал Кыргыз мамлекети менен Сауд Арабия элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

