super.kg logo

Дүйнөлүк банк "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбооруна 17 миллион доллар бөлөт

 

Дүйнөлүк банк "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбооруна 17 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу катынын долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 17 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя жана жарымы грантык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилүүдө.

Бул долбоор буга чейин Ысык-Көлдө пилоттук долбоор катары сынактан өтүп, өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1,5 миң доллардан насыя берилет. Жыйналып алынган каражат кайрадан башка фермерлерге бериле берет.

Бир катар депутаттар мындай жакшы долбоорду башка аймактарга да жайылтуу керектигин айтышты. Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев каражатты алуу жол-жоболорун тездетүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: