Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүм балага акысыз операция жасалат
14-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Байшеналиев Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда тараптар Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда катарлык жана кыргыз адистери тарабынан Кыргыз өлкөсүндөгү угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 29 өспүрүм балага акысыз операцияларды жасоону талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти 23-июнда Бишкекке үч жогорку квалификациялуу адистер кохлеардык импланттарды коюу боюнча операцияларды жасоо үчүн келерин билдирди. Операцияга байланыштуу бардык чыгымдар, ошондой эле кохлеардык импланттар Катар өлкөсү тарабынан берилет.
Министр Катардын өкмөтүнө угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги ийгиликтүү операция жасоо үчүн зарыл болгон бардык иш-чараларды уюштура турганын белгиледи.

