Паралимпиада оюндарына жолдомо уткан спортчуга футболист Айдана Оторбаева үй курууга акчалай жардам топтоп берди
Япониянын борбору Токиодо өтө турган Паралимпиада оюндарына алгачкылардан болуп жолдомо алган спортчу Арстанбек Базаркуловго футболист Айдана Оторбаева үй салууга жардам катары акча чогултуп берди. Бул тууралуу Оторбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу достор, бүгүн мен биздин Арстанбек Базаркулов менен жолугушуп, үй курууга жардам катары чогулткан акчабызды бердим, суммасы 91 миң 220 сомду түздү", - деп жазган Оторбаева.
Буга чейин Арстанбек Базаркулов 24-августтан 5-сентябрга чейин Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) биринчи лицензияга ээ болгон.
Арстанбек Базаркуловдун SUPER.KG порталына берген маегин бул шилтемеден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.