super.kg logo

"Ар бирине 10 миң сом". Ысык-Көлдө "Тез жардам" унааларына жол бербеген айдоочуларга айып салынды

 

14-июнда милиция кызматкерлери "Тез жардам" станциясынын кызматкерлери менен биргеликте салтка айланган "Маяк" рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чара жол эрежелерин сактабаган жана атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарын өткөрбөгөн айдоочулардын арасында эреже бузуучуларды аныктоого багытталган. Рейд аймактагы автоунаалар эң көп жүрүүчү жолдордо өттү.

"Бир күндүк рейддин жүрүшүндө 21 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен 7 айдоочу атайын белги коюлган унааны өткөрбөй коюшту. Аларга карата Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бир айдоочуга 10 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын унааларды өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү жана алардын окуя болгон жерлерге тез арада келишинен адамдардын өмүрлөрүн куткаруу мүмкүн болору эскертилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 мин Кемдик кылат 100 мин эле салыш керек мындайларга
15.06.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээринбей окуп койгула.
Мен Ош шаарында иштейм. Тез жардам унаасына жол бербеген учурларды коруп эле журобуз. Кудай сактасын жакындарыбыз же озубуз ошол тез жардамдын ичинде болуп калуудан. Тез жардам унаасы катуу баратса, артынан 3,4 машина ээрчип алат кубалап. Катуу бара жаткан унаанын айдоочусу артынтындагы унаалар да алаксытып коюшу мумкун керек болсо. Так что жол берип журолу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: