БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошто жыйын өткөрүп, жетекчилерге эскертүү берди




Кечээ, 14-июнда Ош шаарында БШКнын төрайымынын катышуусунда шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаардык ведомстволордун жана кызматтардын жетекчилери катышты. Жыйында БШКнын төрайымы 11-апрелдеги шайлоодо катталган мыйзам бузуулардын статистикасы жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, жалпысынан БШКга жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 89 арыз келип түшкөн, анын 9у добуштарды сатып алуу менен байланышкан.
Ошондой эле ал тиешелүү кызматтардын жетекчилерине добуш берүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү эскертип, учурда шаарда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жактандыгын белгиледи. Шайлдабекова тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын жетекчилерине административдик ресурс колдонууга, добуш берүү күнү жана анын алдында мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин күчөтүү зарылчылыгын эскертти.
Ал эми мэр "резина" батирлер маселесин көтөрүп, жарандардын бир эле дарекке массалык түрдө каттоого турушуна бөгөт коюу боюнча катуу тапшырма берди.
Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

