super.kg logo

Прокуратура: "Баткенде коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө акча каражаттары негизсиз сарпталган"

 

Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине ашыкча компенсация төлөнүп берилген. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан коронавирус илдетине каршы күрөшүү багытында сарпталган акча каражаттарынын негиздүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 миң 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, аны кароонун негизинде 545 миң 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: