super.kg logo

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакта калтырылды

 

Бүгүн, 15-июнь күнү Бишкек шаардык соту Азиз Суракматовдун жактоочусунун даттануу арызын карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мурдагы мэрдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун аны камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранган. Жактоочу баш коргоо чарасы камакка алуу түрү менен байланышпаган чара көрүү өтүнүчүн келтирген.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Суракматовду УКМКнын СИЗОсунда 28-июлга чейин камакта калтырган.

26-майда Азиз Суракматов УКМКга "мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча күбө катары чакырылып, кийин кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: