super.kg logo

Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты

 

Бүгүн, 15-июнда президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКсынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди. Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.06.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир айга жетбеген убакта 40млн$...
Бир жылга жетбеген убакта 480млн$ болуп калабы?
15.06.2021. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur2021,конечно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: