super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Балыкчы-Барскоон унаа жолун курууну тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын эмгек жамааты менен баарлашууда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен биргеликте Балыкчы-Барскоон унаа жолун куруп баштоону тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы унаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн бардык зарыл болгон заманбап стандарттарга жана талаптарга жооп берген кең тилкелүү жана сапаттуу жол куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйыл даярдык иш-чаралары жана курулуш иштери башталат деп болжолдонууда, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине чейин автожолдун бир катар тилкелерине асфальт төшөө жана курулуш иштерин 2022-жылдын жаз мезгилинде улантуу пландалууда.

Садыр Жапаров учурдагы автожол эгемендүүлүк жылдарынан бери оңдолбой келе жаткандыгын, ошондой эле жолдун кууш экенин баса белгиледи.

Президент ишенимдүү жана заманбап транспорттук инфраструктураны жолго коюу аймактын экономикалык абалынын чыңдалышына, анын ичинде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берерин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.06.2021. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Браво... Давно эле жасаш керек болчу азаматсыз Садыр Нуркожоевич
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: