super.kg logo

Өкмөт киреше алып келбеген мамлекеттик ишканаларды аукционго коёт

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал белгилегендей, учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү принциптерди жана артыкчылыктарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.

"Мамлекеттик ишканалардын негизги максаты киреше алуу жана республикалык бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Бирок иш жүзүндө көрүнүп тургандай, мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү чыгашалуу болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы абалга кеңири талдоо жүргүзүү керек. Жогорудагы талдоо даяр болор замат, кайсы ишкана өлкө экономикасы үчүн натыйжасыз экендиги белгилүү болот, алар аукционго коюлушу керек, ошол эле учурда мүлктү сатуу процесси ачык-айкын болушу кажет", - деди Марипов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: