super.kg logo

Жайкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун кантип камсыздаш керек? ИИМ кеңеш берет

 

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы ата-энелерге жай мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңеш берди. Бул тууралуу маалымат аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, жай мезгилинде аба ырайы ысык болгондуктан, элдин көбү көлдүн жээктеринде же көлмөлөрдө эс алууга шашылышат. Бирок өздөрүнүн жана балдарынын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан адам өмүрүн алган кырсыктар дагы катталап келет. Жайкы эс алуунун башталышы менен көл жээктеринде жана дарыяларда кооптуулук күчөйт, биринчи кезекте жашы жете элек өспүрүмдөргө байланыштуу кырсыктар кооптонууну жаратат.

Буга байланыштуу түшүндүрүү жана алдын алуу иштери уюштурулуп жатат. Ошондой эле ата-энелерге коопсуздук эрежесин сактоо боюнча кеңештер:

  • балдарды кароосуз суу жээктерине жибербегиле;
  • сууга түшүп жаткан балдарга тынымсыз көз салып тургула;
  • пирстен же жээктен сууга секирип түшүүсүнө жана чумкуп сүзүүсүнө тыюу салыңыз;
  • сууга түшүп жатканда тентектик кылбоону үйрөтүңүз;
  • балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө болбойт деп эскертиңиз;
  • белгисиз, тереңдиги билинбеген жерлерде сууга түшүүгө болбойт. Ошондой эле бийиктен, катер, кайыктардан сууга секирүүгө тыюу салынат.

Мындан сырткары ата-энелерге балдарына жолдо жүрүү эрежелерин да эсине салып турууну эскертишкен:

  • чоңдордун коштоосу жок жолдон өтүүгө же жол четине чыгууга болбойт;
  • жол чырактын жашылы күйгөндө гана өтүүгө уруксат берилет;
  • коомдук транспортто жүргөндө балдар терезеден башын же колун чыгарбашы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: