17-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 17-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градуска чейин жогорулайт.

