super.kg logo

Бул жылы жаздык эгиндер эң көп Чүй облусунда себилди

 

Ушул жылдын 24-майына карата республикада 663 миң гектарга жакын аянтка жаздык эгиндер себилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.

Билдирүүгө ылайык, себилген айдоо аянттарынын эң чоң үлүшү Чүй облусунун чарбаларына - 31,5 пайыз, Ош облусунун - 16,4 пайыз, Ысык-Көл - 15,2 пайыз жана Жалал-Абад облустарынын чарбаларына - 13,7 пайызы туура келет.

Муну менен катар кант кызылчасынын айдоо аянты 2020-жылдын жаздык өсүмдүктөр эгилген аянтына салыштырмалуу 24,0 пайызга, жашылчалар - 3,2 пайызга, жаздык арпа - 0,1 пайызга көбөйгөн.

Мындан тышкары, ушул жылдын май айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 74,0 миң гектар аянтта - күздүк эгиндерди азыктандыруу боюнча иштер жана 616,1 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.06.2021. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткен кана???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: