"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталды
Жогорку Кеңеште "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталды.
Депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, конституциялык мыйзамга БШК жыл сайын Жогорку Кеңешке баяндама менен келип турат, БШК төрагасынын эки орун басары болот, соттуулугу бүткөн же соттуулугу алып салынган жарандар талапкер катары көрсөтүлө алат деген сындуу жаңы жоболор сунушталууда.
Ошондой эле БШКнын укуктук макамы менен иштөө принциптери да аныкталууда. Ага ылайык, БШК мүчөлөрүнүн саны (12 мүчө) калтырылды, бирок анын курамын түзүү тартиби өзгөртүлүп жатат. Мисалы, БШКнын мүчөлүгүнө сунушталган 6 талапкер президент, 6 талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан көрсөтүлмөкчү.
Андан тышкары, баяндамачы БШК тарабынан да сунуштар берилгенин, алардын басымдуу бөлүгү мыйзам долбоорунда камтылганын билдирди.
Депутат Дастанбек Жумабеков БШК мүчөлөрүнүн, коомчулуктун арасында кадыр-баркы бар адамдар болсо, талаш-тартыш маселелер боюнча кыйла калыс чечимдер кабыл алынат деген оюн билдирди. Аны бир катар депутаттар колдоого алышты.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоолордун жүрүшүндө мурда мыйзам бузуп, БШКнын жана соттордун чечими менен шайлоодон четтетилген талапкерлер саясий шайлоого кайрадан талапкер катары катталбай турганын белгиледи.



1 |