Баткенде 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү
Баткен облусунда 19 миллион 200 миң сомго бааланган 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, 10 гектар жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталды.
"Мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 гектар жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат маалыматта.
кошулду

