super.kg logo

Жогорку Кеңеште Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду

 

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инандынын уулу Юсуф Косе атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин айтып, арыз менен кайрылганын белгиледи. “Натыйжада эл аралык жана ички издөө иштери жарыяланып, тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө”, – деди ал.

Талкуу маалында депутат Бурул Аманова Интерполго берилген маалыматтан кандай жооптор келип жатканына кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүнкү күндө Түркия, Казакстан, Грузиядан, Чехия, Румыния, Афганистан мамлекеттеринен 1-июндан бери аймактарынан өтпөгөндүгү тууралуу жооптор келгенин билдирди.

Ал эми депутат Айсулуу Мамашова “Өз жараныбызды коргой албай дүйнөгө уят болуп жатабыз” деп сынга алды.

Депутат Саматбек Ибраев президенттин көзөмөлүндө турган иштин эки жумадан бери бети ачылбай жатканы суроо жаратарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: