Бишкекте эртеңден баштап көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет
Бишкекте эртеңден баштап көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэрияда эпидемиологиялык абал боюнча жыйын өттү.
Талкуунун жыйынтыгында, Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын көбөйгөндүгүн эске алуу менен 17-июндан баштап көңүл ачуучу жайлардын иштөө убактысын чектөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар саат 23:00дөн 07:00гө чейин жабылышы керек. Тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Бул чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.