super.kg logo

Парламентте "Лотереялар жөнүндө" мыйзамды өркүндөтүү демилгеси каралды

 

Парламентте "Лотереялар жөнүндө" мыйзамды өркүндөтүү демилгеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутат Гүлшат Асылбаеванын айтымында, эл аралык тажрыйбада мамлекеттик лотерея оюну мыйзамдуу кыйла кирешелүү тармак болуп эсептелет, бирок биздин улуттук мыйзамда "электрондук лотерея ойнотуу" түшүнүгү камтылбай калган, ошондон улам иштеп жаткан мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү зарылчылыгы жаралган.

"Эл аралык тажрыйбада лотереядан түшкөн каражат социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат. Ал эми электрондук лотерея ойнотуу усулу аны коомдук жайларда жүргүзүүгө караганда кыйла арзан жана жөнөкөй болгондуктан каражаттын үнөмдөлүшүнө алып келет. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин сунуштамалары да эске алынды", - деп кошумчалады Гүлшат Асылбаева.

Мамлекеттик лотерея компаниясынын башчысы буга чейин лотерея оюнун уюштурууга анчалык маани берилбей келгендиктен чыгашага учурап, жылына 7 миллион сом өлчөмүндө чыгаша тартып келгенин айтты. Ошондон улам мурдагы жетекчилер жумуштан бошотулуп, жаңы жетекчилер дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
17.06.2021. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арам баары Бир арам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: