super.kg logo

Бүгүн Бишкекте ысык суу бериле баштады. Шаар толугу менен канча күндө камсыз болот?

 

Бүгүн, 17-июнда Бишкекте ысык суу менен камсыздоо иштери башталды. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ысык суу биринчи кезекте социалдык объектилерге, андан кийин калган турак үйлөргө берилет. Шаар ичи толугу менен 3-4 күндүн ичинде ысык суу менен камсыздалат.

"Бишкек жылуулук тармагы" суу ташып кетпеши үчүн суу жылытуучу жабдыктарды электрден ажыратуу зарылдыгын белгилейт.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыз:

Керектөөчүлөрдү колдоо борбору - (0312) 61-11-69, 1980;
Диспетчердик кызмат - 56-85-58;
Борбордук зонадагы жылуулук тутумдары боюнча нөөмөттөгү инженерлер - 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк аймагындагы үй жылытуу тутумдары боюнча нөөмөттөгү инженерлер - 51-06-22, 21-74-06.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: