Бишкек шаарынын вице-мэри: "Эрежелер сакталбаганына байланыштуу убактылуу чектөө киргизели дедик"
Бүгүн, 17-июнда COVID-19 илдети жайылып жаткандыгына байланыштуу чектөөлөрдү киргизүү боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачёва катышууда.
Виктория Мозгачёванын айтымында, коронавирус илдети тез жайылып жаткандыгына байланыштуу адамдар көп топтолгон жерлерге: түнкү клубдарга, компьютердик клубдарга, ресторандарга, соода борборлоруну кечки саат 23:00дөн кийин иштөөсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
"Биз баарыбыз бет кап тагынып, пандемиянын шарттарын туура түшүнүп аткарсак, илдеттин тез жайылып кетишин алдын ала алабыз. Биз ар бир адамга кайрылып айткыбыз келет, бет кап тагынып жүрүңүздөр, эл көп топтолгон жерлерге барбооңуздарды, коомдук транспортко түшкөндө бет кап тагынып жүрүңүздөр. Эгер ооруп калсаңыздар иштеген жериңерди жашырбооңуздарды өтүнөбүз, ошондо биздин дарыгерлердин иштешине жана илдеттин алдын алууга жеңилдик пайда болот.
Бизде кечки убакытта сейил бактарда, түнкү клубдарда бет кап кийбей, эрежелер сакталбаганына байланыштуу убактылуу чектөөлөрдү киргизели деп жатабыз. Биз айып салууга кызыкдар эмеспиз, бири-бирибизди түшүнүп иш алып барабыз деп ойлойм. Эскертүү берилип, бирок талаптар аткарылбаса атайын протоколдор түзүлөт", - деди Мозгачёва.
Мозгачёва жума намазга чектөө киргизүү боюнча маселе каралбаганын айтты.



1 |