super.kg logo

Өлкөдө коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алган учур вакцина алгандан кийин катталууда

 

Кыргыз өлкөсүндө Covid-19 менен ооругандан кийин экинчи жолу ооруп калуу фактысы катталган эмес. Бирок вакцина алгандан кийин кээ бир адамдар шарттарды толук аткарбагандыгына байланыштуу кайрадан Covid-19ду жугузуп алган учурлар болууда. Бул туурасында бүгүн, 17-июнда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова айтты.

"Кыргыз өлкөсүндө Covid-19 илдетинен айыккандан кийин кайра инфекцияны жуктуруп алган учур катталган жок. Бирок вакцинаны алгандан кийин кайрадан Covid-19ду жуктуруп алгандар бар, анткени жеке коопсуздук гигиенаны сактаган эмес. Эмдөөнүн биринчи дозасын алгандан кийин сөзсүз түрдө бет кап тагынып жүрүшү керек, экинчи дозасын алгандан кийин дагы бет кап тагынып жүрүшү керек. Себеби экинчи дозаны алгандан кийин организмде толук кандуу антитело үч аптадан кийин пайда болот. Ошондуктан вакцина алгандан кийин өзүбүздү таштап койбой, жеке гигиенаны сактообуз абзел", - деди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.06.2021. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лучще вакцина албай эле койгонубуз жакшы окшойт менимче.
17.06.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцина албасам деле экинчи жолу оорудум.Статистика менен факт башка-башка.Экинчи жолу ооруса да больницага мага окшоп барышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: