super.kg logo

Коронавирус: Бишкектин бардык райондору "кызыл зонага" кирди

 

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарынын бардык райондору "кызыл зонага" киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова маалымат жыйында билдирди.

"Апрель айынын башында шаардын эки району гана "кызыл зонада" болгон. Азыр баары "кызыл зонага" кирди. Ошентип өткөн суткада Ленин районунда 141, Биринчи Май районунда - 65, Октябрь - 71, Свердлов районунда - 50 учур катталды. Статистикалык маалыматтарга ылайык, оорулардын 60 пайызы 30 жаштан 64 жашка чейинкилер. Көбү иштегенин айтпайт. Ошон үчүн жарымы иши жок деп катталган", - деди ал.

Жыл башынан бери борбор калаада 16 миң 857 адам коронавирус жана жугуштуу пневмония оорусун жуктургандыгы кошумчаланды.

Эске салсак, Бишкекте 17-июндан баштап көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилери айтылган. Ага ылайык, түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар саат 23:00дөн 07:00гө чейин жабылышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: