Өлкөгө Кытайдан тонналаган кумшекер, май жана ун келет
Кытайдан тонналаган ун, өсүмдүк майы, кумшекер алып келинет. Бул тууралуу парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
"Бир-эки адамды күнөөлөө менен маселе чечилбейт. Биз колдон келген резервдерди карап жатабыз. Казакстандын премьер-министри менен сүйлөшүп, 10 миң тонна ун алып келгенбиз, аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кампаларга киргиздик.
Президенттин демилгеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майы, 20 миң тонна кумшекердин келиши күтүлүп жатат", - деди Марипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Айыл чарба министри акылына кирсе керек былтыркы пандемиядан кийин?
Элибиз дагы азыр болсо да сабиз картошка эгиш керек. Бул аябай керектүү экенин билип жатабыз.