Байге фонду 50 миң сом. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына логотип даярдоо боюнча сынак жарыяланды

"Сынактын максаты өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата эмблема жасоо максатында өткөрүлүп, кесипкөй, чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттыруу болуп саналат. Ага профессионалдуу сүрөтчүлөр, Живопись жана Графика адистиги боюнча окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катыша алышат. Долбоордун катышуучулары жалгыз автор же автордук коллектив болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Сынактын шарттары жана уюштуруу:
Катышуучу сынакка логотиптин эскизинин идеяларын түшүндүрмөлөрү менен (долбоордун түшүндүрмөсү), аты-жөнү, туулган жылы, билими жана адистиги, электрондук дареги жана байланыш телефондорун тапшыруусу зарыл;
Сынактын материалдарын даярдоо карандаш, сыя, боёк, фото, компьютердик графика жана башкаларды колдонууга болот;
Сунушталган кагаз түрүндөгү үлгү А4 форматынан кичине болбошу керек. Ал эми компьютердик графика электрондук вариантта кабыл алынат.
Сынак эки этапта жүргүзүлөт:
Биринчи этап – сынактын материалдары 2021-жылдын 25-июнуна чейин кабыл алынат.
Экинчи этап – эң мыкты логотиптин эскизин тандоо 2021-жылдын 5-июль күнү каралат.
Сынак жашыруун түрдө жүргүзүлөт. Сынактын катышуучуларынын аты-жөнү жыйынтык чыкканга чейин жарыяланбайт жана тапшырылган материалдар рецензияланбайт, кайра кайтарылып берилбейт.
Сынактын иштерин кароо тартиби жана критерийлери:
- идеянын оригиналдуулугу;
- эстетикалык таасиринин деңгээли;
- сапаттуу жана көркөм деңгээлде аткарылышы.
Сунушталган долбоорлоду тандап алуу иштерин сүрөтчүлөр союзунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн сынактын калыстар тобу жүргүзөт;
Калыстар тобунун персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин буйругу менен сынак өткөрүүгө үч күн калганда дайындалат;
Калыстар тобу талкууну жана акыркы чечимди ачык добуш берүү аркылуу жүргүзөт;
Мыкты деп табылган логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат;
Сынактын жалпы байге фонду 50 миң сомду түзөт.
Логотиптин үлгүсү төмөнкү даректе кабыл алынат: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78. Улуттук маданий борбор. Телефон 66-24-04 ncc07@mail.ru
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.