Депутат Мариповго: "Элге жакын болуңуз". Марипов: "Өтүк кийип алып эле эл менен жүрчүмүн, ошол кезди сагынам"
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү.
Анда депутат Акылбек Кемелов министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду элге жакыныраак болуусун айтып, күзөтчүсүз эле элдин жашоосун кыдырып көрүшү керектигин белгиледи.
"Мен сынды абдан туура кабыл алам. Күзөтчүлөрүм тууралуу айтып коёюнчу. Мен мыйзамды өзгөртсө жөө эле жүргөнгө даярмын. Чынын айтсам, мен дагы кыйналып кеттим. Менин кээ бир жерлерге барганымды күзөтчүлөр билбейт. Мен өтүк кийип алып эле эл менен жүргөн адаммын. Ошол кезди сагынам. Эми мыйзамда ошондой болуп, коопсуздугумду мамлекет карап жатса, ага күнөөлүү эмесмин. Азыр ушуну алып койсо, жөө эле жүргөнгө даярмын, буга чейин жөө эле жүргөм", - деп жооп берди Марипов.




1 |