super.kg logo

Сууга чөгүп бараткан адамга кантип жардам беребиз? Адистин кеңеши

 

Ысык аба ырайы жарандарды кубандырып, суу жылып, сууга түшүү сезону ачылган маалы. Бирок коопсуздук биринчи кезекте. Эгерде кокусунан сууга чөгүп жаткан адамды байкап калсак, кандай жардам беришибиз керек? Бул боюнча SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин терең суудагы шайма-шай суучулдар бекетинин башчысы Эсен Пратовдон жооп алдык.

* Сууга чөгүп жаткан адамды көбүнчө байкабайбыз. Кээ бир адамдар эле кыйкырып жардам сурабаса, чөгүп бараткан адамдар көп деле кыйкырбайт. Ага биринчиден күч жана аба керек. Абаны алыш үчүн кыйкырышпайт. Ошон үчүн биз чөгүп бараткан болсо, артынан барып диалог түзүүгө аракет кылуубуз зарыл. Дүрбөлөңгө алдыруусуна жол бердирбөө маанилүү. Чөгүп жаткан адамга артынан барган дурусураак болот. Себеби ал адам нес абалында кайра сени кармап суунун астына тартууга аракет жасайт. Куткарууга жалгыз баруу кооптуу, кошо чөгүп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан 2-3 адам куткарыш керек.

* Эгерде адам суунун астына кирип, эс-учун жоготкон абалда болсо аны жээкке алып чыгып, кадимки жасала турган ыкмаларды колдонсок болот. Бирок убакытты карашыбыз керек. Беш мүнөттүн ичинде дароо эле адамды чалкасынан катуу жерге жаткырып, жасалма дем алдырып, жүрөк тушка массаж жасоо зарыл. Бул убакыт алтын убакыт деп аталат. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин массаж жасап турушубуз керек. Анткени көп учурда эсине келип, кайра эсин жоготуп коё берет. Эсин жоготпош үчүн аны менен сүйлөшүп турушубуз керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: