Жогорку Кеңеште Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча маселе каралды
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү боюнча маселе каралды.
Баяндама жасаган экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов макулдашууга ылайык эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөрүн маалымдады. “Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка финансылык инструменттерди пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат”, – деди ал.
Белгилүү болгондой фонддун уставдык капиталы алгач 50 миллион долларды түзөт. Кийин уставдык капитал 200 миллион долларга жеткирүү менен бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынат.

