super.kg logo

"Иштөө үчүн Ысык-Көлгө кетиши мүмкүн". Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделип жатат

 

Чүйдүн Панфилов районунда 15 жаштагы Диана Гурова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 13-июнь күнү Кайыңды айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Анын бою 169 сантиметр, чачтары кыска кызыл түстө, көздөрү күрөң. Үйдөн чыгарда үстүнө кара футболка, кара жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн", - деп билдиришти облустук милициядан.

Кыздын жакындарынын божомолунда, ал иштөө үчүн Ысык-Көлгө кетиши мүмкүн.

Милиция сүрөттөгү кызды көргөн же билгендер болсо, төмөнкү байланыш номерлер аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0312 607 989, 0702 317 522.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: