Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту



Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы ардактуу консулдары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууга Бавария жана Тюрингия федералдык жерлериндеги консул Райнхольд Крэммель, Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги консул Кристоф Крошке жана Гамбург шаарындагы консул Карл-Хуго Эрнст Элердинг катышты.
Мамлекет башчы ардактуу консулдардын ГФР менен достук алакаларды өнүктүрүүгө кошкон чоң салымын белгилеп, Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы жарандарына көрсөтүлүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Германия менен кызматташуу Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатынын европа багытындагы негизги артыкчылыктарынын бири катары караларын кошумчалады.
Жапаров чет өлкөлүк инвестициялардын мамлекеттин өнүгүшүндөгү ролун жана маанисин айтып, Кыргыз өлкөсүндө инвесторлорду ар тараптуу колдоого даярдыгын баса белгиледи. Президент учурда бул боюнча реформалар ишке ашырылып жатканын, мисалга алсак, Инвестициялар министрлиги түзүлүп, ал чет элдик инвесторлорго карата шарттарды түзүп, кепилдиктерди берерине токтолду.
Консулдар инвесторлордун ийгиликтүү иштөөсү үчүн жагымдуу чөйрө маанилүү экендигин айтышып, бул багытта Кыргыз өлкөсүнүн жетишкендиктерин менен белгилешти. Алар тажрыйбалары менен бөлүшүүнү кааларын, Кыргыз өлкөсүндө бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү идеялары бар экендигин кошумчалашты.
Ардактуу консулдар эки мамлекеттин пайдасы үчүн ишмердүүлүктөрүн улантып, мындан ары дагы Кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосундагы достуктун көпүрөсү болууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

